Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин укуктук. Кадрдык камсыздоо жана иш кагаздарды жүргүзүү башкармалыгынын жетектөөчү адис-юрист бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт-1 бирдик
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- Кадастр жана укуктарды каттоо тармагында 1 жылдык иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 2 жылдан кем эмес.
Кесиптик билим деңгээли:
- юриспруденция боюнча жогорку билим.
Билим:
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
- Кыргыз республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы №116 Токтому менен бекителген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Коррупцияга каршы күрөшү жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», “Жарандардын кайрылуулаарын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жана эркиндиги жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”, “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”
- Мекеменин башка ички актылары.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 Токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө Жобо;
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды , укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №301 токтому менен бекитилген 2Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү каттоо органдары тарабынан жана кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүнүн тартиби тууралуу Жобо”
Милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Башкармалыктын Министрликтер, ведомстволор, борбордук жана башка аткаруу ийликтери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана үн өзү башкаруу органдары, Кызматтын жана Мекеменин башка түзүмдөрү менен болгон иш аракеттерди өзүнүн компетенциясына ылайык камсыздай;
- Кызматтын жана Мекеменин жетечилиги тарабынан коюлган тапшырмаларын, башкармалыктын Жобосунда каралган тапшырмаларын жана милдеттерин аткарат;
- Башкармалыктын иш-аракеттерине тиешел болгон масалелерде, Кыргыз республикасынын укук ченемдик актыларынын аткарылышын сактайт;
- Мекеменин жана башкармалыктын компетенциясына кирген маселелерди кароодо, жетекчиликтин, соттун жана башка мамлекеттик органдарын жыйындарында катышат;
- Мекеменин укуктук кызыкчылыктарын коргоодо мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздайт жана Мекеменин иш чараларына тиешел укук ченемдик актыларын иштеп чыгууда катышат;
- Зарыл болгон учурда башкармалыктын ишине тиешелүү жана Мекеме карай турган милдеттерди чечүү үчүн ведомстволук бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлерин тартууга;
- Менчик укукгун каттоого тиешелүу талаш маселелерди кароо. Укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жана башка маселелер боюнча комиссияларга өзүнүн компетенциясынын чегинде катышат;
- Башкармалыкка келип түшкөн кайрылууларды карайт жана аларды аткарат;
- жарандардын мыйзамдуу таламдарын сактоону жана коргоону камсыз кылат;
- Өз ыйгарым укуктарын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү.
Тилдерди билүү:
- мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.
Компьютерде иштей билүү
- MS / Office;
- электрондук почтаны колдонуу;
- маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
- АМТ Infodocs (ЭИКЖТ)
Жеке сапаттар
- чынчылдык
- калыстык
- жоопкерчилик
- тартип
- тырышчаактык
- тактык
- демилге
- мотивация
- натыйжалуулук
- жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
- кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;
- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 13-мартына чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.