Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигине  караштуу  Жер ресурстары боюнча кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын директорунун орун басары  бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт – 1 бирдик.

 Филиалдын директорунун орун басары кызматын ээлөө үчүн төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:

Кесиптик билимдин деңгээли:

 - Багыттары боюнча жогорку билими: геодезия жана жерге жайгаштыруу илимдери: геодезия жана аралыктан байкаштыруу. Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар, мүлктү башкаруу: архитектура жана курулуш, юриспруденция, укук таануу, экономика жана башкаруу, табият таануу илимдери, картография жана геоинформатика.

  • Эгерде тиешелүү иш чөйрөсүндө орто кесиптик билими жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин тутумунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар болсо башка профилдеги жогорку кесиптик билими кубатталат.

Иш стажы жана эмгек стажы:

  • Жерге жайгаштыруу жана жер кадастры кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тутумунда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө  5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
  • Жетекчилер жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишинен мамлекеттик мекеме органдарына өткөндө мамлекеттик кызматта                  2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы талап кылынат.

Кесиптик компетенттүүлүк:

Билүүсү зарыл:

- мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин;

- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

 - “Айыл чарба жерлерин башкаруу боюнча”, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун өткөрүп берүү”, “Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”, “Админстративдик иштин негиздери жана админстративдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламенти;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги” жана  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жөнүндөгү Жоболору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын чектөөлөрүн жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери”;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин  “Кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө”  Жобо;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы  № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “Мамлекеттик кызматкерлеринин жана башка категориядагы кызматкерлеринин этика Кодекси”.

Көндүмдөр:

  • Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык илимдерди иштеп чыгуу;
  • Талдоо, болжолдоо, жалпылоо мониторинг жүргүзүү;
  • Тезинен чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
  • Кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • Көйгөйлөрдү чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу;
  • Көзөмөлдөгөн багытты натыйжалуу пландаштыруу.

Чеберчилиги:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;
  • натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, ишкердик кеңешмелерди, кат алышууларды мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;
  • маалымат базалары менен иштөө;
  • презентацияларды даярдоо;
  • кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
  • компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

 Тилдерди билүү: 

  • мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

 Компьютерде иштей билүү

  • MS / Office;
  • электрондук почтаны башкаруу;
  • маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

 Жеке сапаттар

  • чынчылдык;
  • калыстык;
  • жоопкерчилик;
  • тартип;
  • тырышчаактык;
  • тактык;
  • демилге;
  • мотивация;
  • натыйжалуулук;
  • жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
  • кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

 Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

  • жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана, аскердик билет, ИИМ справкасы, 086-справкасы;
  • паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
  • кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нике тууралуу күбөлүк, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

 Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 7-мартынан баштап 20-мартына чейин, саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44 дарегиндеги 104-иш бөлмөсүнө тапшырылышы керек. Телефон: 0312 300-379.