Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын жер кадастры бөлүмүнүн башчысынын бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт - 1 бирдик.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик билим деңгээли:

- төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: Жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, юриспруденция, кыймылсыз мүлктү башкаруу, геодезия жана аралыкты байкаштыруу. Табият таануу илимдери: картография жана геоинформатика, география. Жаратылышты колдонуу жана экология: агрономия, токой иштери, гидромелиорация.

Билим:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
- "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө", "Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө", "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", “Жарандардын арыздарын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кадастр" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктардын оорчулуктарын (чектөөлөрүн) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 301 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Кыймылсыз мүлк үчүн бирдиктүү маалымат тутумунан жана жергиликтүү каттоо органдарынан кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби жөнүндө Жобо.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин Этика Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары.

Билиши керек:

- ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
- ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик;
- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн инновациялык (жаңычыл) ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
- өзүнүн жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу.

Чеберчилиги:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу;
- натыйжалуу мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, ишкердик еңешмелерди, кат алышууларды мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүү;
- маалымат базалары менен иштөө;
- презентацияларды даярдоо;
- кызматтык убакытты сарамжалдуу пайдалануу;
- компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

Тилдерди билүү:

- мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

Компьютерде иштей билүү

- MS / Office;
- электрондук почтаны башкаруу;
- маалымат базалары менен иштөө чеберчилиги.

Жеке сапаттар

- чынчылдык;
- калыстык;
- жоопкерчилик;
- тартип;
- тырышчаактык;
- тактык;
- демилге;
- мотивация;
- натыйжалуулук;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
- кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;
- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2022-жылдын 19-январынан баштап 2022-жылдын 1-февралына чейин, саат 17:00го чейин, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 87 дарегиндеги 319-иш бөлмөсүнө тапшырылышы керек. Телефон: 0312 61-14-13.