Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва филиалы

бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

- КР АЧМ караштуу ЖРК алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва филиалынын жер кадастры бөлүмүнүн адиси – 2 жумуш орду.

Кесиптик билим деңгээли:

- жерге жайгаштыруу жана кадастр, укук, агрономия, мүлктү башкаруу, архитектура жана курулуш багыттары боюнча жогорку жана орто техникалык.

 Кызматы жана иш тажрыйбасы:

- кесиптик тажрыйбасы талап кылынбайт.

Билим:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды түйшүктөрдү (чектөөлөрдү) жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө» Жобо;

- «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

- эмгекти коргоо эрежелери жана нормалары.

 

 

Милдеттер:

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдер;

- компьютердик жана оргтехника жана керектүү программалык продуктылар;

- маалымат базалары, ЭЦК, пландоо жана картографиялык материалдар менен иштөө.

Жөндөмдөр:

- жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- мамлекеттик жана/же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

- командалык иш.

Көндүмдөр:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшырышыңыз керек:

- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалым кат- соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;

- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2022-жылдын    21-декабрына чейин Чүй облусу, Москва району, Беловодское айылы,  Победа көч., 44 дарегине, иш бөлмөсү 2 саат 17:30га чейин, тапшырылышы керек. Байланыш телефону 03131 5 27 92.