⏭Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча.

Жер ресурстары кызматына жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) үчүн 94 жерге жайгаштыруу материалдары келип түшкөн. Анын ичинен 38 жерге жайгаштыруу документтери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорлору даярдалып, белгиленген тартипте Айыл чарба министрлигинин кароосуна киргизилген. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 43 иш кайра кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына кайтарылган.

?Кызмат тарабынан 13 жерге жайгаштыруу материалдары каралууда.

Үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 38 токтому кабыл алынып, алар боюнча 4339,35 гектар жер бир категориядан экинчи категорияга которулган (трансформацияланган), анын ичинен;

- «Калктуу конуштардын жерлери» категориясы боюнча 4021 га жер жеке турак жайларды курууга берилген; (анын 3143 гектары Асман шаарында курулуп жатат) 878 гектар жеке турак-жай куруу.
- 9,09 га жер линияларын курууга;
- 20,78 га стадиондун курулушу;
- ГЭС курууга 79 га;
- өнөр жайы үчүн 130,39 га;
- Логистикалык борборлор үчүн 79,09 га жер.