«Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору  2023-жылдын 11-январында үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды.

 

      Мыйзамдын максаты - кыймылсыз мүлк күрөө келишимдерин нотариалдык күбөлөндүрүүсүз каттоо.

         Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдүн катышуучуларына түздөн-түз жергиликтүү каттоо органына кайрылууга, кыймылсыз мүлк менен күрөө келишимин түзүүгө жана каттоого мүмкүндүк берет, бул келишим түзүүдө жарандардын убактысы жана финансылык чыгымдары олуттуу кыскартат.