2023-жылдын 27-январында Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев Кызматтын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрү “Кадастр”, “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканалардын жана алардын филиалдарынын жетекчилери менен ?️?️ видеоконференция режими аркылуу жыйын өткөрдү.
?Жыйында Жер ресурстары кызматынын 2022-жылда аткарылган иштери боюнча;
?Кыргыз Республикасынын “Жер мунапысы жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, жер участокторун которуу (трансформациялоо), инвентаризациялоо жана каттоо маселелери боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
?Жана ошондой эле, Жер ресурстары кызматынын 2023-жылга карата иш-пландары талкуланды.
??2022-жылдын жыйынтыгы менен кээ бир жергиликтүү филиалдардын жетекчилери өз ишин так жана өз убагында аткарбагындыгы үчүн тартиптик жаза алышты.