Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысынын бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт-1 бирдик
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө кеминде 3 жыл иштөө
Кесиптик билим деңгээли:
-Атайын орто жана жогорку билим, Журналистикада жана басма сөз тармагында иш тажрыйбасы.
Билим:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Ресупбликасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын мамлеккеттик тили жөнүндө”, “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө”, “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынеча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү, Кыргыз республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигин жөнгө салган башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларын ;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы №571 Тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн Регламенти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы № 116 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү типтүү нускама;
- Мекеменин башка ички актылары жана Жоболору;
Маалыматты натыйжалуу башкаруу принциптерин:
- Басма сөз релизи жана башка басма сөз материалдарын жазуу ыкмалары менен усулдарын
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана уоомчулуктун катышуусу менен өткөрүлүүчү басма сөз конференциялары, интервью жана маалымат-жарнама мүнөздүү башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрү эрежелерин;
- Уюмдун маалымат менен камсыздоо ишмердигине байланыштуу документацияны тариздөө, жүргүзүү жана сактоо тартибин;
Заманбап маалымат-комуникация технологияларын (текст редакторлору, электрондук таблицалар), Интернет тармагында иштөө принциптерин, мультимедия жабдуусун колдонуу ыкмаларын;
-Барлашууу психологиясынын, социология жана кесипкөй мамилелердин адебинин негиздерин
- Милдеттери
- Уюмдун оң имиджин түзүү жана колдоо;
- Басма сөз конференциялары, брифинг жана маалымат-жарнама мүнөздүү башка иш-чараларды уюштуруу;
- Расмий кабар, басма сөз релиздеринин тексттерин, аларга жорум жана ачыктамаларды даярдоо жана жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрүп берүү;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюмдун ишмердиги тууралуу сурамдарына жазылуу жана оозеки жорумдарды даярдоо;
- Маалымат материалдарын (макала, адистештирилген программа жана басылмаларды) жаратуу жана чыгарууга катышуу;
- Уюмдун жетекчилеринин жалпыга маалымдоо каражаттарында интервью, түз эфир, чыгып сүйлөөсүн даярдоо;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюмдун ишмердиги тууралуу материалдарын ыкчам топтоо жана анализин жүргүзүү;
- Уюмдун ишмердиги маселелери тууралуу коомдук пикирдин өзгөрүү тенденцияларын үйрөнүү;
- Уюмдун өкүлдөрү катышкан расмий иш-чаралардын маалымат менен камсыздалышын уюштуруу;
- Басма сөздүн күнүмдүк серептерин даярдоо;
- Уюмдун ишмердиги тууралуу жарыяланган маалыматтын аныктыгын текшерүү, ачыктама каттары жана төгүнгө чыгарылышын даярдоо;
- Уюмдун расмий Интернет-ресурсунда маалыматты өз убагында жаңыртуу;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү; жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги өкүлдөрү менен жумуш байланыштарын жолго коюу;
- Ишке байланыштуу жазышууну, телефон сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү;
- Белгиленген техникалык документацияны, отчетторду жүргүзүү
Тилдерди билүү:
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Компьютерди билүү:
- MS/Office;
- АМТ АРБ E-Kyzmat
- АМТ Infodocs (ЭДЖТ)
- электрондук почта колдонуу
Жеке сапаттар
- чынчылдык
- калыстык
- жоопкерчилик
- тартип
- тырышчаактык
- тактык
- демилге
- мотивация
- натыйжалуулук
- жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
- кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;
- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 25-февралына чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.