Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча башкармалыгынын башкы адисинин (Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды башкаруу жана бухгалтердик эсепке алуу боюнча бухгалтер) бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт-1 бирдик
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы
Кесиптик билим деңгээли:
- экономика, каржы жана кредит, бухгалтердик эсеп, аудит багыттары боюнча жогорку билим юриспруденция багыттары кошумча, мамлекеттик сатып алуулар тармагында сертификат
Билими:
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-"Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча мыйзамы 2022-жыл 14-апрель № 27
- "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө";
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы № 116 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекетти кагенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү типтүү нускама;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;
Каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС);
- 1-С автоматташтырылган бухгалтердик программасын;
- план жана эсеп-кысап корреспонденциясы, атап айтканда (Сатып алуулар мыйзамы боюнча ) отчеттуулугунун кыймылын эсепке алуу;-көрсөтүлгөн кызматтын эсебин жүргүзүү жана төлөп берүү ;
- бухгалтердик эсептин ушул участогунда документ жүгүртүүнү уюштуруу;--бухгалтердик эсептин счетунда документтик тариздөө жана чагылдыруу тартибин эсептен чыгаруу, эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана салык мыйзамдарын билүү;
Эсепке алуунун тиешелүү тилкеси боюнча салыштырылуучу жана ишенимдүү бухгалтердик отчеттуулуктун жетекчилерин жана башка колдонуучуларды камсыз кылат;
- бухгалтердик документтердин сакталышына көз салат, аларды архивге өткөрүп берүү үчүн белгиленген тартипке ылайык жол-жоболоштурат;
- эмгекти коргоо боюнча кызматтык нускамага ылайык талаптарды аткарат;
-ушул кызматтык нускамага кирбеген, бирок өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу келип чыккан жетекчиликтин башка тапшырмаларын
Милдеттери
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Сатып алуулардагы Контракттарды башкаруу;
- Мекеменин каржы сметасы менен иштөө;
- Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча 2022-жыл 14-апрель № 27 мыйзамынын негизинде иш алып баруу;
- Мекеменин борбордук аппаратына жана филиалдарына мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө сатып алуулардын Мекеменин керектөөлөрүндѳгү контракттын аткарылышын камсыздоо;
- Контрактты алып баруу, башкаруу сатып алуучу Мекеме тарабынан ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашыруу.
- Сатып алуучу контрактты башкаруу процессинде иш-аракеттер жасалган учурдан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен веб-порталга төмөнкү маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылуу:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталарды;
2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасын;
3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган көлөмү өлчөмүн жана суммасын;
4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасын жана мөөнөттөрүн;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү жана консультант тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактураларын жана төлөөгө карата эсептерди;
6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрүн (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);
7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталарын жана ал дооматтарга жоопторду;
8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;
9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасын жана негиздерин.
- Берүүчү же консультант контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу Мекеме товарларды аткарылган жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү кабыл алуунун, тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын наркынын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
- Сатып алуучу Мекемеде контракттар боюнча төлөөнү товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзүү.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, контракттардын жана аларга карата толуктоолордун мазмунун жалпыга жеткиликтүү жеткирүү.
- Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздерин, Контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо, контракттын колдонулушун токтотуу,контракт боюнча талаш-тартыштарды мыйзам чегинде жүзѳгѳ ашыруу.
- Мекеменин филиалдарынан заявкаларын аткаруу ;
- Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
- Мекемеде белгиленген ички эмгек тартибинин эрежеси
Билими:
Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- "Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча мыйзамы 2022-жыл 14-апрель № 27
- "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө";
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 6-августундагы № 116 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекетти кагенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү типтүү нускама;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;
Каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (ФОЭС);
- 1-С автоматташтырылган бухгалтердик программасын;
- План жана эсеп-кысап корреспонденциясы, атап айтканда (Сатып алуулар мыйзамы боюнча ) отчеттуулугунун кыймылын эсепке алуу;-Көрсөтүлгөн кызматтын эсебин жүргүзүү жана төлөп берүү ;
- Бухгалтердик эсептин ушул участогунда документ жүгүртүүнү уюштуруу;--бухгалтердик эсептин счетунда документтик тариздөө жана чагылдыруу тартибин эсептен чыгаруу, эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана салык мыйзамдарын билүү;
Эсепке алуунун тиешелүү тилкеси боюнча салыштырылуучу жана ишенимдүү бухгалтердик отчеттуулуктун жетекчилерин жана башка колдонуучуларды камсыз кылат;
- бухгалтердик документтердин сакталышына көз салат, аларды архивге өткөрүп берүү үчүн белгиленген тартипке ылайык жол-жоболоштурат;
- Эмгекти коргоо боюнча кызматтык нускамага ылайык талаптарды аткарат;
- ушул кызматтык нускамага кирбеген, бирок өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу келип чыккан жетекчиликтин башка тапшырмаларын елерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
- Мекеменин жетекчилиги жана Мекеменин жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;
- Мекемеге жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткару
Тилдерди билүү:
- мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.
Компьютерде иштей билүү
- MS / Office;
- электрондук почтаны колдонуу;
- маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
- АМТ Infodocs (ЭИКЖТ)
Жеке сапаттар
- чынчылдык
- калыстык
- жоопкерчилик
- тартип
- тырышчаактык
- тактык
- демилге
- мотивация
- натыйжалуулук
- жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
- кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;
- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 28-февралына чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.