Кыргыз  Республикасынын  Айыл чарба  министрлигине  караштуу  Жер ресурстары кызматынын алдындагы   “Кадастр”  мамлекеттик мекемесинин   мамлекеттик сатып  алуулар  башкармалыгынын жетектөөчү адисинин бош кызмат  ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт-1 бирдик

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-  1 жылдан кем эмес иш  тажрыйбасы же 1 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик  чөйрөдө  иш стажы.

Кесиптик билим деңгээли:

-  экономика, юриспруденция багыттары боюнча жогорку билимдү, мамлекеттик сатып алуулар тармагында сертификат.

Билим:

    Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

- Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча мыйзамы 2022-жыл 14-апрель №27;

- Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

- Коррупцияга каршы күрөшү жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2021-жылдын 6-августундагы №116 Токтому менен бекителген Кыргыз Республикасынын  Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу (31 жана 32-тиркемелерге ылайык);

- Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;

- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

- Мекеменин башка ички актылары.

 

Милдеттери:

 - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

 - Сатып алууларды пландаштыруу;

 - Мекеменин каржы сметасы менен иштөө;

 - Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар боюнча мыйзамынын негизинде иш алып баруу;

 - Мекеменин борбордук аппаратына жана филиалдарына мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө сатып алуучу уюмдардын керектөөлөрү менен камсыздоо;

 - Мекеменин филиалдарынан заявкаларды чогултуу, мониторинг жасоо;

 - Конкурстук комиссияны түзүү;

 - Конкурс жарыялоо;

 - Конкурстук мезгил менен иштөө;

 - Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;

 - Мекемеде белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;

 - Мекеменин жетекчилиги жана Мекеменин жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;

 - Мекемеге жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткаруу

 

Тилдерди билүү:

 -  мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.

 

Компьютерде иштей билүү

 -  MS / Office;

 -  электрондук почтаны колдонуу;

 -  маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;

 -  АМТ Infodocs (ЭИКЖТ)

 

Жеке сапаттар

-  чынчылдык

-  калыстык

-  жоопкерчилик

-  тартип

-  тырышчаактык

-  тактык

-  демилге

-  мотивация

-  натыйжалуулук

-  жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;

-  кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:

-  жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;

- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);

-  кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2023-жылдын 13-мартына чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек.