Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 240 - буйругун аткаруу максатында «Кыймылсыз мүлк боюнча борборлоштурулган электрондук архив» АМТ ишке ашырылган.

«Кыймылсыз мүлк боюнча борборлоштурулган электрондук архив» автоматташтырылган маалыматтык системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк боюнча электрондук архивдик документтерди сактоо, өткөрүп берүү жана тез алмашуу функцияларын автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан жана иш-аракеттерди өркүндөтүү үчүн негиз болууга багытталган, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, кардарларды тейлөө мөөнөттөрүн кыскартуу, кыймылсыз мүлк объектилеринин ишенимдүү маалыматын, отчетторун жана эсебин түзүү болуп саналат.

КМББЭА колдонуу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында керектүү маалыматты издөөнү жөнөкөйлөтөт жана келечекте жергиликтүү жайгашкан кыймылсыз мүлк объектилери үчүн гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын каалаган жеринен бардык кыймылсыз мүлк объектилери үчүн укуктарды жана чектөөлөрдү каттоого мүмкүндүк берет.

Системаны иштеп чыгуунун жүрүшүндө төмөнкү негизги функциялар ишке ашырылган:

- архивдик документтердин электрондук сүрөттөрүн ведомстволор аралык алмашууну уюштуруу;

- киргизилген маалыматтарды контролдоо;

- суроо-талаптарды түзүү үчүн ар кандай критерийлер боюнча керектүү маалыматты издөө;

- ар бир конкреттүү объект боюнча берилген бардык суроо-талаптардын тарыхын сактоо;

- кыймылсыз мүлк объектилеринин идентификациялык коддорун өзгөртүүдө кайчылаш шилтеме механизмин ишке ашыруу.

«Кыймылсыз мүлктүн борборлоштурулган электрондук архиви» автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү долбоорун ишке ашыруу аяктады, тесттик иштер жүргүзүлдү, 4 пилоттук райондун электрондук архивдери жүктөлдү: Балыкчы, Ысык-Ата, Чүй-Токмок, Кемин.