Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу келишимдерин каттоо механизми иштелип чыкты
Нотариалдык күбөлөндүрүүсүз күрөө келишимдерин каттоо жагынан, «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230-токтому менен бекитилген «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоонун эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тийиштүү долбоору даярдалды жана белгиленген тартипте демилгелөө үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жөнөтүлдү.