«Санариптик Кыргызстан» программасын ишке ашыруу максатында «Жер балансы» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) иштелип чыкты.

         Кыргыз Республикасынын жер балансы боюнча вектордук жана тексттик маалыматтарды жүктөө үчүн борбордук маалымат базасы түзүлдү, ошондой эле веб-ресурс (Геопортал) иштелип чыкты, Кыргыз Республикасынын жер фондун графикалык эсепке алуу системасы түзүлдү. Санариптик продукт убактылуу виртуалдык серверде жайгаштырылган. Башка маалымат ресурстары менен интеграциялоо, маалыматтарды жүктөө, отчеттуулук ж.б күтүлүүдө.Тестирлөө иштери жүрүп жатат.

         Жер балансы - жерлердин бар экендигин жана алардын категориялары, түрлөрү, менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүлүшүн; ошондой эле жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясынын чегинде жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууну (трансформациялоо) чагылдырган документ.

 

«Жер балансы» АИСтин негизги максаттары:

- жер участоктору боюнча эсептик маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана сактоону жана аларды картографиялык материалдар менен байланыштырууну автоматташтырууну камсыз кылуу;

- маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;

- бардык катышуучулардын өз ара аракеттенүүсү үчүн толук же жарым-жартылай бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуу;

- катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү процесстерин жөнөкөйлөтүү.

 

Системанын негизги тапшырмары:

- маалыматтарды чогултуу жана иштетүү процесстерин жөнөкөйлөтүү;

- бөлүштүрүлгөн маалымат агымдарын башкаруу боюнча бирдиктүү саясатты калыптандыруу;

- аймакта жайгашкан маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун жана зарыл болгон купуялуулукту камсыз кылуу менен өз убагында берүүнү (алууну) жеткирүү;

- жер участоктору жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана иштеп чыгууга катышуучулардын ички процесстерин автоматташтыруу;

- мейкиндик маалымат базасын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн кийинки өз ара аракеттенүүсү үчүн маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү аймактык чөйрөнү түзүү, мамлекеттик органдардын адистери жана башка кызыкдар тараптар тарабынан практикалык маселелерди чечүү

- тиешелүү маалыматтык системалар менен интеграциялоо;

- картографиялык маалымдама менен жалпыланган маалыматтарды чыгарууну камсыз кылуу;

- төмөнкү деңгээлдеги картографиялык маалымдаманы берүү:

кыймылсыз мүлк бирдиги, башталгыч бөлүм; схема; участок (бир айылдык аймакка таандык, бирок башка аймакта жайгашкан жер); айыл өкмөтү/айыл аймагы; райондук/республикалык жана областтык маанидеги шаарлар; аймак; республика.

 

Системанын функционалдуулугу:

- каалаган түзмөктүн браузерлеринде иштөө мүмкүнчүлүгү;

- csv, xls түрүндө маалыматтарды жүктөө мүмкүнчүлүгү;

- маалыматтарды толтуруу үчүн ишкананын ичиндеги веб-бөлүгү;

- мобилдик аспаптын браузерлери (планшеттер, Windows, Android, Ios менен иштеген смартфондор) аркылуу маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү;

- ишканаларды жана уюмдарды алыстан же корпоративдик тармак аркылуу VPN технологияларын колдонуу менен каралуучу маалыматты чектөө мүмкүнчүлүгү менен бирдиктүү маалымат базасына туташтыруу мүмкүнчүлүгү;

- өркүндөтүлгөн отчеттуулук системасы модулдардын маалымат талааларынан чыпкалардын убактылуу жана башка маанилүү талааларын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздалган ж.б.