Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык тутумдар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын жетектөөчү адисинин бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт- 1 бирдик
Иш тажрыйбасы жана стажы:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр тутумунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш тажрыйбасы
Кесиптик билим деңгээли:
- жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, кадастр жана геодезия, геомаалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, колдонмо математика боюнча жогорку билим;
Билим:
Мамлекеттик кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда жетекчиликке алышы керек болгон ченемдик укуктук актыларды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
- Коррупцияга каршы күрөш жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорчулуктарды (чектөөлөрдү) жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Жобосу
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
- Мекеменин башка ички актылары.
Милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
- Кесиптик этиканын нормаларын сактоо;
- Өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жогорку кызмат өкүлдөрүнүн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, жетекчилерге баш ийүү тартибинде, өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- Кызматтык этиканын ченемдерин жана нормаларын сактоо;
- Картография, кадастрдык изилдөө, анын ичинде GNSS жабдууларын жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу маселелери боюнча Мекеменин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана контролдоо;
- Мекемеде белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, расмий маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин сактоо;
- Мекеменин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга катышуу;
- Мекеменин жетекчилиги жана Мекеменин жыйындары үчүн материалдарды даярдоо;
- Ыйгарым укуктуу, кызыкдар тараптарга кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалымат берүү;
- Мекемеге жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка кызматтык милдеттерди аткаруу
Тилдерди билүү:
- мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билүү.
Компьютерде иштей билүү
- MS / Office;
- электрондук почтаны колдонуу;
- ГМТ программалары менен иштөө;
- маалыматтар базасы менен иштөө көндүмдөрү;
- АМТ Infodocs
Жеке сапаттар
- чынчылдык
- калыстык
- жоопкерчилик
- тартип
- тырышчаактык
- тактык
- демилге
- мотивация
- натыйжалуулук
- жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө чыгармачыл мамиле кылуу;
- кесиптик билимди жана көндүмдөрдү топтоого жана жаңыртууга умтулуу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкүлөрдү тапшыруу керек:
- жеке арыз, жеке курамдын өздүк иши, резюме, өмүр баяны (маалымат- соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); 3x4 сүрөт - 3 даана;
- паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы сынакка келгенден кийин көрсөтүлөт);
- кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган зарыл документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө, нотариус же персонал менен иштөө башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү) иштеген жериндеги кызматтар).
Сынакка катышуу үчүн документтер 2022-жылдын 15-июлуна чейин Бишкек шаары, Орозбеков көч., 44 дарегине, 320/1-иш бөлмөсүнө саат 17: 00гө чейин, тапшырылышы керек. Телефон: (0312) 300856