Жер ресурстар кызматы Мегаком Компания менен биргеликте жана  «Түндүк” Мамлекеттик ишкананын колдоосу менен “Кадастр”дан маалымкат жөнүндө МегаПей тиркемесинен жаны сервис иштей баштаганын билдирет.

Бул сервистен кыймылсыз мүлктүн идентификациялык кодун колдонуп жарандар тиркеме аркылуу арыз берип ошол заматта кыймылсыз мүлк жөнүндө мааалыматы онлайн режиминде телефондон ала алат. Тактап айтканда кимдин мүлку, качан катталган, анын тех параметрлери, арест, күроо барбы жокбу жана башкалар.

МегаПейден кандай маалым каттарды алса болот?

  1. Кыймылсыз мүлк укугунун мамлекеттик реестринен кыймылсыз мүлк жөнүндө көчүрмө. Укуктар жана чектөөлөр жөнүндө маалымат.
  2. Кыймылсыз мүлккө укуктардын тарыхы жөнүндө маалымат
  3. Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалымат

 Онлайн маалыматты кантип алса болот?

 “Сервистер” бөлүмүнө өтүп “Кадастр”мамлекеттик мекемеден маалымкат кызматын тандайсыз

Анан керектүү документти тандап кыймылсыз мүлктүн кодун тересиз.

Транзакцияны тастыктайсыз

Даяр!

Комиссия 8 сом

Жер ресурстар кызматынын Маалымат системасында жазуу бар учурда гана МегаПей дин колдонуучулары кызмат ала алат