Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы “Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “О!” Компаниясы менен биргеликте Менин О! (Мой О!) уюлдук телефондон “Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкаттар” тиркемесинде жаңы сервис иштей баштаганын билдирет.

Сиз бул сервистен кыймылсыз мүлктүн идентификациялык кодун колдонуп, тиркеме аркылуу арыз берип ошол заматта кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкаттарды онлайн режиминде уюлдук телефондон Менин О! (Мой О!) тиркемеси аркылуу аласыз.
Тактап айтканда:
- Кыймылсыз мүлкү бар же жоктугу жөнүндө маалымкат;
- Кыймылсыз мүлк объектисинде укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;
- Кыймылсыз мүлк объектисинин техникалык параметрлери;
- Кыймылсыз мүлк объектисине болгон укуктар жана чектөөлөрдүн тарыхы.

?Уюлдук телефондон Менин О! (Мой О!) уюлдук тиркемесинен маалымкатты кантип алса болот?
"О! Деньги" бөлүмүнө кирип

"Төлөө"

"Мамлекеттик кызматтар"

"Кадастр" мамлекеттик мекемесине кирип, керектүү маалымкатты тандайсыз.

Кыймылсыз мүлктүн кодун тересиз.

Транзакцияны тастыктайсыз.

Маалымкат даяр✅
------------------------------
❗?Эскерте кетсек! Онлайн режиминде алынган маалымкаттар юридикалык күчкө ээ✅