КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТΥНӨ КАРАШТУУ

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫЗМАТЫНА КАРАШТУУ

КАДАСТР ЖАНА КЫЙМЫЛСЫЗ МΥЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТОО ДЕПАРТАМЕНТИНИН

ЖЕРГЕ ЖАЙГАШТЫРУУ ЖАНА КЫЙМЫЛСЫЗ МΥЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТОО БОЮНЧА БИШКЕК ШААРДЫК БАШКАРМАЛЫГЫ

Чуңкурчак коктусунда жайгашкан “Кара-Булак” эко резортунда Тимбилдинг өткөзүштү.

 

Тимбилдингктин максаты коллективдин жамаатына, айрыкча жаштарга кыргыздын үрп адатын, маданиятын сиңдирүү, үйрөтүү, кыргыздын нукура сөздөрүн, колдонулбай бараткан буюм тайымдарын практика жүзүндө жаштар арасында жайылтуу максатында өткөзүлдү.

 

Тимбилдингке 100дөн ашуун кызматкер катышып, 4 тайпага бөлүнүп кой союу, ичеги карын артуу андан түрдүү тамактарды даярдоо, баш куйкалоо, этти асуу, устукандоо, боорсок, май талкан жасоо, камыр жууруп, кесме кесүү боюнча мелдешишти. Эң кызыгы белгилүү манасчы Рыспай Исаков катышып, анын манас айтуусунун коштоосуунда   тайпалар боз үй тигүү боюнча жарышышып, жаштардын арасында биринчи ирэт боз үй тиккен шаардыктар да кездешишти. Спорттук мелдештер: аркан тартышуу, ар түрдүү жыгачтан жасалган тоскоолдуктардан өтүү менен бирге ак-терек, көк терек, жоолук таштамай сыяктуу кыргыздын оюндары ойнотулуп, кыргыздын шаңдуу ырларынын коштоосунда иш чараны белгилүү шоумен Урмат Борченов алып барды.