"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Жети-Өгуз райондук филиалы жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адис 1 бош ваканттык ордуна сынак жарыялайт.

Милдеттүү квалификациялык талаптар:

-жер адиситиги боюнча жогорку билим болушу (геодезия,картография, юриспруденция, агроном, гидромелиорация,архитектура(курулуш), жер кадастры)

-компьютерде иштей билиши(WORD.EXCEL.AUTO CAD) программасы

-геодезиялык инструменттер менен иштей билиши

-кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билиши

-соттолушу жоктугу жөнүндө маалымат

Иш тажрыйбасы жана стажы:

-адистиги боюнча 1 жылдык стаждан кем эмес иш стажысы

Кесиптик компетенциялары:

Билими:

Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамы:

-жер участокторун которуу(трансформациялоо)жөнүндө

-запастагы жерлердин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө

-жайыттар жөнүндө

-муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шатрттары жөнүндөгү типтүү жобо

-асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө

Талапкерлерден алынуучу документтер:

-аттестациялык-сынак комиссиянын төрагасыныны атына жазылган жеке арыз

-кадрларды каттоо баркчасы

-3х4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт

-өмүр баян

-паспорттун көчүрмөсү(оригинал сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

-жогорку билимин тастыктаган диплому

Документтер жарыяланган күндөн баштап 14 күндүн ичинде Жети-Огуз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгында  кабыл алынат

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыныздар

(03946) 51-4-83; 52-7-46

Кызылсуу айылы, 1 май көчөсү №65