Кыймылсыз мүлк боюнча маалым кат алууда төлөнө турган акынын электрондук ыкмалары иштелүүдө.

2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен ведомстволор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн. Макулдашуу мамлекеттик нотариустардын кредиттик келишимин жана күрөөгө коюлган мүлктү каттоодо талап кылынган күрөөгө коюлбагандыгы жана камака алынбагандыгы жөнүндөгү маалым катты санариптештирүүнү камтыйт.Азыркы учурда мамлекеттик нотариустардын кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат системасынан маалым кат алуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнү Адилет министрлиги жана KICB банк менен жарандарга ынгайлуу төлөм жүргүзүү, оной электрондук ыкмаларды колдонуу максатында ЭЛСОМ төлөм системасы аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмасы иштелип чыкты. KICB банк менен келишим каралып жакынкы арада иш жүзүнө ашат.