Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасында 2014 - 2020- жылдары мамлекеттик тилди онүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинде 2020 - жылдын 23 - сентябрында борбордук аппараттын жана ведомстволук түзүмдөрдүн катышуусу менен Мамлекеттик тил күнү - жогорку деңгээлде, санитардык абалды сактоо менен белгиленди. Иш - чарага ЭлТР телеканалы, Эркин - Тоо газетасынын журналисти, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү катышты.
Агенттиктин аймактык түзүмдөрүндө да илимий маданий, интелектуалдуу иш - чаралар өткөрүлдү. Өсүп келе жаткан жаңы муунду мекенчиликке тарбиялоо максатында кеңири маалыматтар даярдалып, электрондук ыкма менен берилди.