2020-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен ведомстволор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн.

Макулдашуу мамлекеттик нотариустардын кредиттик келишимин жана күрөөгө коюлган мүлктү каттоодо талап кылынган күрөөгө коюлбагандыгы жана камака алынбагандыгы жөнүндөгү маалым катты санариптештирүүнү камтыйт.

Азыркы учурда мамлекеттик нотариустардын кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалымат системасынан маалым кат алуу толугу менен автоматташтырылды.

Бүгүнкү күнү Агенттик, Юстиция министрлиги жана АКБ «Кыргызстан» менен биргеликте жарандарга ынгайлуу төлөм жүргүзүү, оной электрондук ыкмаларды колдонуу максатында төлөм системасы аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмасын иштеп чыкты. АКБ «Кыргызстан» менен келишим түзүлүп аталган келишимдин негизинде жарандар мамлекеттик нотариуста кредиттик келишимин түзүүдө күрөөгө коюлуп жаткан мүлк күрөөгө коюлбагандыгы жана камака алынбагандыгы жөнүндөгү малым катты алуу санариптештирилди жана малым катты алууда төлөмдөр онлайн режиминде жүргүзө алат. Ошондой эле малым катты мамлекеттик нотариустар дагы онлайн режиминде ала алат.