“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 27 - беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 29 - декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин конкурстук комиссиясынын 2020 - жылдын 29 – декабрындагы № 40,41 – протоколдоруна ылайык, 2021 - жылдын 4 - январынан баштап, бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө конкурстан ийгиликтүү өткөн төмөндөгү кызматкерлер:
- Кубанычбеков Турсунбек Тугельбаевич Жерге жайгаштыруу, жер кадастры, геодезия, картография, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына;
- Кожомкулов Тилек Байгелдиевич кыймылсыз мүлктү каттоо жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башкы адиси кызматына, штаттык түзүмгө ылайык маяна менен дайындалды.
Директордун м.а. А.А. Мырзаев