Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министирлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолборлоо” институнун мамлекеттик ишканасынын алдындагы бюджеттик мекемелери Республикалык топурак-агрохимиялык станциясы (мындан ары РТАС) жана Түштүк регионалдык топурак-агрохимиялык станциясы (ТРТАС) 1964-жылдан бери айыл чарба жерлерине топурак агрохимиялык изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

Учурда РТАС жана ТРТАС станциялары ар кандай мекеме, уюмдардын жер аянттарын изилдөө, топурак үлгүлөрүн лабораториядан аныктоо, жер участокторунун топурактарынын сапатынын абалын аныктоо боюнча келишимдерди түзүүнүн натыйжасында иштейт.

2021-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, жерлерди натыйжалуу пайдалануу, алардын күрдүүлүгүн калыбына келтирүү жана пландаштырылган түшүм алуу үчүн туура өлчөмдө жер семирткичтерди колдонуу максатында станциянын адистери март – апрель айларында региондорго барып, графикке ылайык топурак үлгүлөрүн кабыл алышат (тиркеме 1, 2).

Жер аянтынын топурагына туура өлчөмдө жер семирткичтерди колдонуу (агрохимиялык изилдөө) үчүн, дыйкандар өзүлөрү жер үлүштөрүнөн топурак үлгүлөрүн алып келишсе, бир топурак үлгүсүнүн агрохимиялык анализи жана жер семирткичтерди колдонуу боюнча сунуштарынын жалпы баасы салыктарды кошпогондо 580 сомду түзөт, бул анализдер:

  • гумус 105 сом,
  • рН 25 сом,
  • кыймылдуу фосфор 120 сом,
  • кыймылдуу калий 120 сом;
  • жер семирткичтерди колдонуу боюнча сунуштар 210 сом.

 Эгерде жер аянттары туздуулукка жана шордуулукка чалдыкканы байкалса, топурактын абалын жакшыртуу үчүн, кошумча анализдердин баасы салыктарды кошпогондо 602 сомду түзөт, булар:

  • Топурактагы суу тунмасын аныктоо (туздуулукка) – 292 сом;
  • Сиңирилген натрийди аныктоо (шордуулукка) – 90 сом;
  • Сиңирүү сыйымдуулугун аныктоо (шордуулукка) – 220 сом.

 Мындан сыртакры март – апрель айларында станциянын адистери иш сапар убагында дыйкан-чарбалардын чакыруусу менен 1-5 гектар жер аянтынын изилдөө жана топурак үлгүлөрүн алуунун жалпы баасы салыктарды кошпогондо 635 сомду тузөт.

 Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына өтүнүч: айыл аймактарына билдирүү кылыныздар.

 Тиркеме 1

 Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын адистери сиздердин райондорго 2021-жылдын март жана апрель айларында барып, төмөнкүдөй графикте иш алып барышарын маалымадайбыз.

№ п/п

Райондордун аталыштары

Иш алып баруу күндөрү

Чүй облусу боюнча

1

Панфилов району боюнча

09-11.03.2021-жыл

2

Жайыл району боюнча

11-13.03.2021-жыл

3

Москва району боюнча

15-16.03.2021-жыл

4

Сокулук району боюнча

17-19.03.2021-жыл

5

Аламүдүн району боюнча

23-24.03.2021-жыл

6

Ысык-Ата району боюнча

25-26.03.2021-жыл

7

Чүй району боюнча

29-30.03.2021-жыл

8

Кемин району боюнча

30-31.03.2021-жыл

Ысык-Көл облусу боюнча

1

Тоң району боюнча

05-06.04.2021-жыл

2

Жети-Өгүз району боюнча

07-08.04.2021-жыл

3

Ак-Суу району боюнча

09-11.04.2021-жыл

4

Түп району боюнча

12-14.04.2021-жыл

5

Ысык-Көл району боюнча

15-16.04.2021-жыл

Нарын облусу боюнча

1

Кочкор району боюнча

17-18.04.2021-жыл

2

Нарын району боюнча

19-20.04.2021-жыл

3

Ак-Талаа району боюнча

21-22.04.2021-жыл

4

Ат-Башы району боюнча

23-24.04.2021-жыл

5

Жумгал району боюнча

25-26.04.2021-жыл

6

Тогуз-Торо району боюнча

27-28.04.2021-жыл

 

Станциянын дареги:

Республикалык топурак агрохимиялык станциясы (РТАС):

Бишкек ш. Тимур Фрунзе көчөсү, 100, тел: (0 312) 41 72 07, 41 62 43 факс: (0 312) 41 71 09

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына өтүнүч: айыл аймактарына билдирүү кылыныздар.

 

Тиркеме 2

 Түштүк регионалдык топурак-агрохимиялык станциясынын адистери сиздердин райондордо 2021-жылдын март жана апрель айларында жерине барып, төмөнкүдөй графикте иш алып барышарын маалымадайбыз.

 

№ п/п

Райондордун аталыштары

Иш алып баруу күндөрү

Баткен облусу боюнча

1

Баткен району боюнча

10-16.03.2021-жыл

2

Кадамжай району боюнча

17-27.03.2021-жыл

3

Лейлек району боюнча

28.03-10.04.2021-жыл

Жалал-Абад облусу боюнча

1

Ноокен району боюнча

05-10.03.2021-жыл

2

Базар-Коргон району боюнча

11-20.03.2021-жыл

3

Сузак району боюнча

21-30.03.2021-жыл

4

Ала-Бука району боюнча

01-08.04.2021-жыл

5

Аксы району боюнча

09-14.04.2021-жыл

6

Токтогул району боюнча

15-20.04.2021-жыл

7

Чаткал району боюнча

27-30.04.2021-жыл

Ош облусу боюнча

1

Араван району боюнча

05-10.03.2021-жыл

2

Кара-Суу району боюнча

11-20.03.2021-жыл

3

Өзгөн району боюнча

21-30.03.2021-жыл

4

Ноокат району боюнча

01-09.04.2021-жыл

5

Кара-Кулжа району боюнча

10-16.04.2021-жыл

6

Алай району боюнча

17-22.04.2021-жыл

7

Чон-Алай району боюнча

23-30.04.2021-жыл

 

Түштүк регионалдык топурак агрохимиялык станциясы (ТРТАС):

Ош областы, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштак айылы, Ош көчөсү, 7 тел: 0778 55-55-25, 0773 44-19-82, 0772 50-30-90, 0772 50-10-80

 

Агрохимиялык анализге топурак алуу

 

Дыйкан чарбалардын жер үлүшүнүн топурак үлгүлөрүн алуу конверттик жана Z түрдө жүргүзүлөт. Бир участкдан аз дегенде беш чекиттен топурак алуу керек.

Өсүмдүктөрдүн тамыры 20-30 см тереңдикте жайгашат. Агрохимиялык анализге топурак үлгүлөрүн 25-30 сантиметир тереңдикке чейин алуу керек.

 

   Топурак үлгүлөрүн алуунун тартиби

   

 

     

 

 

         ЭТИКЕТКА

Кардар ____________________

•   Район___________________

•   Айыл аймагы _____________

•   Пландаштырылган айыл чарба

    өсүмдүгү _________________

•   Өткөн жылда өстүрүлгөн

    өсүмдүк __________________

•   Көп жылдык мөмө бак дарагы: жаңыдан  тигилеби же канча жылдан бери  өстүрүлүп келе жатат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

test_banner