К У Л А К Т А Н Д Ы Р У У

   2022-жылдын  05-апрели                                                                        Бөкөнбаев айылы

 «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин  Тоң филиалы бош кызмат орунуна сынак жарыялайт

 

          «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Тоң филиалы,  Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү Министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин  «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин  бош кызмат орундарына сынак өткөрүү тартиби  жөнүндөгү 2021-жылдын 22-октябрындагы №379 буйругу менен бекитилген  Жобосуна ылайык,   документтерди кабыл алуу жана берүү, кардарлар менен иштөө боюнча жетектөөчү адис кызмат орунуна 1 ваканттык кызмат ордун ээлөөгө  ачык сынак жарыялайт:

-  документтерди кабыл алуу жана берүү, кардарлар менен иштөө боюнча жетектөөчү адис кызмат орунуна;

Төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

Кесиптик билимдин денгээли: Тийиштүү багыттагы жогорку  билим (юриспруденция, жерге жайгаштыруу жана кадастр, экономика жана кыймылсыз мүлктөрдү башкаруу,   архитектура жана курулуш кесиби боюнча 1 жылдан кем эмес стажы)

Кесиптик компетенттүүлүгү;

Ченемдик укук актыларды билүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын жарандар кодекси;

- Кыргыз Республикасынын жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу                    мыйзамын;

- Кыргыз Республикасынын жерлерди которуу жана трансформациялоо боюнча мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен  болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому  кыймылсыз  мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери жөнүндө;

Билгичтиги:

Өз жумушуна эффективтүү план түзүү;

Техникалык жабдуулар менен иштөөсү;

GPS аппараты менен иштөөсү;

 

Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Компьютерден маалымат базасы менен иштөө жана СЭД программасы менен иштөө;

Картографиялык материалдар менен иштөө;

Жумуш убакытты туура бөлүштүрүү;

AutoCAD, ArchiCAD, ArcGis программасын ишке ашыруу жана колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер керек:

- Жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, резюме, өмүр баяны,  сүрөтү 3х4 – 3 даана

- Паспорттун көчүрмөсү. Кесиптик билими жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин иш стажын жана квалификациясынын жогорулаткандыгы боюнча документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык мекемелер тарабынан күбөлөндүрүп ырасталышы керек).

 Соттолбогондугу тууралуу КР ички иштер министрлигинен маалымдама.

Негизги функционалдык милдеттери менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Тоң филиалынан таанышып билсеӊиздер болот.

Талапкерлердин документтери 2022-жылдын 16-апрелине  чейин кечки саат 17-00гө чейин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тоң  филиалында кабыл алынат.

Дареги: Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Ленин көчөсү № 77

Кошумча маалымат алуу үчүн (03947) 91-1-73, 0505181414,